Бүгүн Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Зилзаланын очогу

Каракол шаарынын түштүк-чыгыш тарабында 90 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Анын күчү Кургак, Таш-Короо, Эңилчек айылдарында 4,5 баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.