Уйкунун бузулушуна алып келген азыктар аталды

Уйкунун бузулушуна алып келген азыктар аталды.

Кумшекер, ак нан жана күрүч сыяктуу азыктар уйкусуздукка алып келет.

Мындай чечимге Колумбия университетинин изилдөөчүлөрү келди.

Адистер белгилегендей, организм кандагы канттын көлөмүн

азайтуу үчүн инсулинди бөлүп чыгарат. Инсулин гормондордун

анын ичинен кортизол жана адреналиндин пайда болушун шарттайт.

Мындай учурда адамдан уйку кача баштайт. Окумуштуулар уйкуга

оң таасир этүүчү мөмө жана жашылча жемиштерди колдонууга чакырат.