АФКнын кубогу мелдешинде Кыргызстан командаларынын атаандаштары аныкталды.
Оюндарга биздин өлкөдөн «Дордой» жана «Алай» клубдары катышат. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен
«Дордой» E тайпасына түштү. Ал Тажикстандын «Равшан» жана Түркмөнстандын «Ахал»
клубдары менен күч сынашат. Оштун «Алайы» F тайпасында Өзбекстандын «Насаф»,
Түркмөнстандын «Алтын Асыр» жана Тажикстандын «Худжанд» клубдары менен кез келет.
АФК кубогу быйыл жаңыланган форматта өтөт, тандоо оюндары болбойт.
Тайпалык оюндар 14-20-майга белгиленди.