Унаа жана жолдор министрлиги жол-курулуш техникаларга GPS-навигаторлорду орнотуу ниетинде.
Ведомстводон белгилешкендей, мындай чара ишти натыйжалуулугун жогорулатып, күйүүчү майдын
чыгымын көзөмөлдөйт. Маалыматтардын базасы министрликтин жана жол-чарба департаментинин
сайтында жайгаштырылат. Учурда навигаторлор 133 атайын техникага орнотулду.
Кезекте дагы 440 унаа турат.