Футбол жылдызы Лионель Мессиге талапкер болуп жаткан клубдар белгилүү болду

Футбол жылдызы Лионель Мессиге талапкер болуп жаткан клубдар белгилүү болду. Форвардды өз карамагына алууга англиялык “Манчестер Сити” кызыктар. Аны менен келишим түзүүгө ошондой эле, “Манчестер Юнайтед” дагы каршы эмес.

 

Англиялык командалардан тышкары, Месси менен франциялык ПСЖ жана миландык “Интер” кызыгууда.

 

Эки команданын тең ээлери байлар, алар мындай деңгээлдеги футболчуну сатып ала алат. Эске салсак, Месси “Барселонадан” кетүү ниетин жарыялады, ал эми клуб анын трансфери 700 миң евро экенин билдирди.