Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде
биринчиликти сактап калды. Бул тууралуу аталган уюм жарыялады.
Рейтинг 6-8-мартта Канадада өткөн мелдештен кийин өзгөртүлгөн.
Учурда Тыныбековада 90 упай бар. Андан кийинки орунда
болгариялык Тайбе Юсеин 56 упайы менен турат.