Айпери Медет кызы алгачкы жолу Азия чемпиону болду.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, ал Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча чемпионатта кыз-келиндер күрөшүнөн финалда япониялык Юка Кагамини 5:3 эсебинде жеңип алды.
Ал эми дагы бир балбан Мээрим Жуманазарова аталган чемпионатта күмүш медаль тагынды.
Ал алтын үчүн кармашта казакстандык Мадина Бакбергеновага 2:3 эсебинде жеңилип калды.
19-апрелде башталган күрөш боюнча Азия чемпионаты 24-апрелде жыйынтыкталат.
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтүп, анда кыргызстандык балбандар 3 алтын, 3 коло медаль тагынышты.