Каржы министрлиги Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 2 миллиард сом берет.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн министрликтен насыя алууга макулдук “Чакан ГЭС” ишанасынын акционерлеринин кезексиз жыйынында жетишилди.
Белгилеп кетсек, буга чейин Таластагы аталган гидроэлектростанцияны толугу менен орус-кыргыз өнүктүрүү фонду каржылай турганы маалымдалган.
Бул үчүн фонд “Чакан ГЭСке” дээрлик 23 миллион доллар насыя бериши керек болчу.