Футбол боюнча Кыргызстан курамасы ФИФА рейтингинде 96-орунду сактап калды.
Эл аралык федерация жаңыланган табелди жарыялады.
Анда биздин мекендештер өз позициясын сактап калган жана
анын эсебинде 1 миң 240 упай бар. Кошумчаласак, Азия футбол
конфедерациясында Кыргызстан 15-сапта. Рейтингде лидерликти
Япония 1,5 миң упай менен кармап турса, андан кийинки орунда
Иран 1 миң 489 упай менен жайгашты.