Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 74-орунда жайгашты

Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан 74-орунда жайгашты.

Жыл сайын Эл аралык бакыт күнүнө карата World Happiness Report

аталган рейтингди жарыялайт. Анда Кыргызстан быйыл 12 сапка жогорулады.

Жалпысынан 160 мамлекет көрсөтүлгөн. Рейтингди түзүүдө жарандардын эркиндиги,

оор абалдагыларга социалдык жактан колдоо көрсөтүү, ички дүң продукция,

жашоо узактыгы, коррупциянын деңгээли сыяктуу көрсөткүчтөр каралды.

Эске салсак, биздин өлкө былтыр 86-орунда болчу.

Ал эми тизменин сап башында Финляндия жайгашты.