Бүгүндөн тарта Ош шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Калаага кире турчу 7 жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулду.
Ал жерлерде кызматкерлер дезинфекция иштерин жүргүзүп,
айдоочулардын дене табын текшеришет. Жергиликтүү тургундарга
өзгөчө зарылчылык жок болсо, шаардан жана үйлөрүнөн чыкпоо
сунушталат. Учурда өлкөдө COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 14кө жетти.