“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда

“Тазалыктын” кызматкерлери ордо калааны кардан арылтууда. Мунициплдык ишкананын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жолдорго 300 тоннага жакын техникалык туз себилди.

 

Тоңгон муздарды чагып, карды тазалоого 37 атайын техника тартылган. Күндүз жана кечинде Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч, “Тазалыктын” 117 жүк ташыган кызматкери жана 100гө чукул таштанды чогулткан жумушчулары иштөөдө.