Бишкек шаарында ак илбирсти коргоого арналган эл аралык марафон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган марафон жекшемби, 26-сентябрь күнү «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Катышуучулар Бишкектин борбордук көчөлөрү менен белгиленген аралыктарга чуркашат.
«Марафондон түшкөн каражаттын белгилүү бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк программа үчүн жумшалат», — деп айтылат маалыматта.