Парагвайдын «Олимпия» клубунун президенти өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетилди

Парагвайдын «Олимпия» клубунун президенти өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетилди.

ФИФАнын расмий сайтында айтылгандай, Марко Тровато 2018-19-жылдары өткөн бир катар беттештердин

жыйынтыгын манипуляциялап, жең ичинен сүйлөшкөн деп айыпталууда. Мындан тышкары, ал иликтөө

убагында комитет менен кызматташуудан баш тарткан. Аталган жазадан тышкары, Троватого 107 миң доллар айып салынды.

Кошумчаласак, «Олимпия» Парагвайда эң абройлуу клуб деп саналат. Команда 44 ирет өлкө чемпионатын уткан,

үч ирет Либертадорес кубогун жеңип алган. Акыркы 4 чемпиондук титулду Тровато жетекчилик кылган тушта,

дал ошол 2018-19-жылдары алып, жазгы жана күзгү чемпионаттарды удаасы менен уткан