Бишкекте жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
жөө күлүктөр жарышы 16-17-апрелде ордо калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы
спорт ордосунда уюштурулат. Мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча
дирекциясы жана Жеңил атлетика боюнча федерациясы тарабынан өткөрүлөт.