Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү бекети 8-июндан тартып иштейт

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү бекети 8-июндан тартып иштейт. Бул маселе эки өлкө ортосунда макулдашылганын  Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, алгачкы убакта эки өлкөнүн гана жүгү өткөрүлүп турат. Кийин бекеттин иши боюнча комушча маселелерди эки тараптын тийиштүү органдары талкуулап алышат. Белгилеп кетсем, учурда кыргыз-кытай чек арасындагы “Иркештам” өткөрүү бекети гана иштеп жатат.