АКШ дүйнө боюнча коронавирустан көп өлүм катталган өлкө болду

12-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 1 миллион 773 миң 358ге жетти. Алардын 402 миң 270 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 108 миң 702 бейтап каза болду.

 

Коронавирус пандемиясы күчөп жаткан АКШда 466 миң 299 бейтап оору менен күрөшүүдө. Анын 31 миң 988 жараны айыкса, 20 миң 602 бейтап көз жумду.

Испания вирус жайылган өлкөлөрдүн арасында 2-орунда келе жатат. Өлкөдө 157 миң 22 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 59 миң 109 бейтап ооруну жеңип, тилекке каршы, 16 миң 606 бейтап дүйнө салды.

 

Италияда болсо, 143 миң 626 адамдан коронавирус аныкталып, 32 миң 534 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 19 миң 468 жаран каза болду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.