Түштүк Кореяда коронавирустан айыккан 91 бейтап кайра ооруп калды

Түштүк Кореяда коронавирустан айыккан 91 бейтап кайра ооруп калышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

 

Маалыматка ылайык, коронавирустан айыкты делинип, карантинге коё берилген 91 бейтап дем алуусу начарлагандыктан, кайра ооруканага кайрылышкан.

 

Текшерүү жүргүзгөндө аларда коронавирус инфекциясынын жеңил түрү бар экендиги аныкталган. Буга чейин бир катар вирусологдор жана эпидемиологдор коронавирустун дененин кээ бир клеткаларында жашыруун бойдон калышы мүмкүн деп божомолдошкон, андан кийин ал кайрадан жанданып, дем алуу системине кол салаарын айтышкан.

Түштүк Кореяда 10 миң 480 адам коронавирус жуктуруп алган. 211 адам каза болсо, 7 миң 243 адам бул инфекциядан айыгып чыкты.