АКШда Ай бетинен чогултулган чаң сатыкка чыгарылды. Аны спутникке тарыхта биринчи болуп барган астронавт Нил Армстронг 1969-жылы чогултуп келген.
Бул өзгөчө лоттун баштапкы баасы – 800 миң доллар. Бирок эксперттер бул товар үчүн 1 миллиондон ашык алууну болжолдошууда. Аукцион 13-апрелге белгиленди. Түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалат.