Бишкектин Чүй проспектинде унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Мэриянын маалыматына ылайык, 2-апрелден 10-апрелге чейин анын Сүйүмбаев менен кесилишкен тилкесинде жылуулук түтүктөрүн өткөрүү иштери жүргүзүлөт.
Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.