Диего Марадона ооруканага жаткырылды.
РИА Новости билдиргендей, футбол адисинин акыркы жылдары басуусу кыйындап,
өзүн начар сезип жатат. Бул өзгөчө 30-октябрда 60 жашын белгилегенден кийин сезилди.
Белгилеп кетсек, Марадона Аргентинанын курамында футбол боюнча дүйнө чемпиону болгон.
Учурда ал «Химнасия жана Эсгрима» футбол клубунун башкы машыктыруучусу.