Кыргызстанда жаздын экинчи айы дагы жаанчыл болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, апрелде аномалдуу көрүнүштөр орун албайт. Бул ай жылуу жана жаанчыл болот деп күтүлүүдө.
Түнкүсүн аба табы +4төн 18 градуска чейин жетсе, күндүз +19дан 31 градуска чейин көтөрүлөт. Жаан-чачын нормадан бир аз жогору болуп, күн күркүрөйт, — дешет синоптиктер.