АКШда иттерди гана ташуучу авиакомпания пайда болду. Идея жаныбарларга товар өндүргөн компанияга таандык. Иттер үчүн учуу процесси ыңгайлуу болот – аларга атайын керебеттер, тынчтандыруучу үн жана жыттарды камтыган аромакабинкалар орнотулат.
Андан тышкары, өзгөчө жүргүнчүлөргө учуу маалында алардын жакшы көргөн суусундуктары сунушталат.
Азырынча учактар Нью-Йорк, Лос-Анжелес жана Лондон шаарларын гана байланыштырат. Кийин учуу географиясы кеңейтилиши мүмкүн.