Жылдын биринчи кварталында прокуратура мамлекеттик органдарга бизнестин 151 субъектин текшерүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 3 айда профилдик органдардан ишкерлерди текшерүүгө 247 арыз келип түштү. Анын ичинен 96 арыз канааттандырылган, анткени, аларда текшерүүгө жүйөлүү себептер көрсөтүлгөн.