Бүгүн футзал боюнча Азия кубогу башталат

Бүгүн, 18-апрелде, Таиландда Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуусунда футзал боюнча Азия кубогу башталат.
Бул турнирдин 17-чыгарылышы.
Мында Кыргызстандын курама командасы Япония, Тажикстан жана Түштүк Кореянын командалары менен бир группада беттеше турган болду.
Оюндун Бишкек сааты боюнча графиги:

Япония менен Кыргызстандын беттеши — 18-апрелде саат 17:00дө;

Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши — 20-апрелде саат 13:00дө;

Түштүк Корея менен Кыргызстан — 22-апрель, саат 17:00.

Азия кубогуна 16 команда катышат, чейрек финалга сегизи (ар бир группадан эң мыкты делген эки команда) чыгат.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 139 топтун ичинде 51-орунда турат. Ата мекендик команда Азия кубогуна дайыма катышып келет, финалдык баскычтан бир гана жолу өтө албай калган. 2005-жылы контингенттин биринчилигинде коло медаль уткан. Бирок дүйнөлүк чемпионатка азырынча катыша элек.