Кыргызстандын Гуанчжоу жана Дубайдагы башкы консулдары алмашты.
Президент аппаратынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы
Садыр Жапаров кол койду. Эми Гуанчжоу шаарында башкы консул кызматын
Хомен Эргешов аткарса, Дубайдагы орунга Тимур Абдижалил бекитилди.