Иркутск — Бишкек — Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамы ачылды

Иркутск — Бишкек — Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу аба каттамы ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттам жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.

 

Учуу убактысы төрт саатты түзөт.