Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Акжол Махмудов
Олимпиада оюндарында финалга чыкты. Ал жарым финалда армениялык
Карапет Чалянды 6:2 эсебинде утту. Кыргызстандык спортчу чейрек финалда
азербайжандык спортчуну (9:1), ал эми баштапкы этапта тунистик балбанды
11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган. Эми ал финалда алтын үчүн
венгриялык Томас Льеринс менен таймашат. Жыйынтыктоочу беттеш эртең өтөт.