Кыргызстандын оор атлетика боюнча олимпиадалык курама командасынын мүчөсү
Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу Олимп оюндарында 6-орунга илинди.
Бекдөөлөт Расулбеков 31-июлда 96 кг салмак категориясында күчүн сынады.
Ал алгач 162 килограммды жулкуп көтөргөн. Экинчи ирет көтөргөндө 166 килограмм
штангага алы жетип, 8-орунга илинген. Ал эми штанганы түртүп көтөрүүдө Расулбеков
208 килограммды башынан өйдө көтөрө алган. Кыргызстандык спортчунун
жалпы көрсөткүсү 374 килограммды түзүп, 6-орунга ээ болгон.