Чек ара кызматында учкучсуз аппараттар базасы ачылды

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн «Байрактар» учкучсуз аппараттары тапшырылган.

Садыр Жапаров буга чейин Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Россия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын айткан.