Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, ылай аралаш суу массасынын жүрүү коркунучу 23-июлга чейин сакталат.
Андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Жарандарга этият болуу сунушталат.