Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кош-Терек айылында жайгашкан сабиз сактоочу кампада үч киши иске ууланып каза болду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Учурда жарандардын аты-жөнү жана уулануунун себеби такталууда.
Жерине беш куткаруучу тартылган.