Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кырдаал аба-ырайынын температурасы тез жогорулаганына жана
жакынкы күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу.
Мындан улам Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя жана
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу трассаларындагы айдоочулар
этият болушу зарыл. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы кажет.