Ордо калаада мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, жумуштар Валиханов, Сыдыков, Лермонтов, Тыныстанов көчөсүндө, Тагай бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишинде, Огонбаев жана Осмонкул, Жибек-Жолу жана Турусбеков, Коёнкөзов менен Бөкөнбаев, Тагай бий жана Тунук, Өмүракунов жана Таттыбүбү көчөлөрүнүн кесилишинде, Чыгыш-5 кичирайонунда аткарылды.
Ээлери уруксааты жок эле орнотуп алган темир күркө, дүкөн, ашкана, чачтарач, кафе, тосмо, бастырма жана капиталдык курулуш түрттүрүлүп, алынды.