Алай районунун Арпа-Тектир айылында алгачкы ирет бала бакча курулду

Алай районунун Арпа-Тектир айылында алгачкы ирет бала бакча курулду.

“Турмуш” басылмасы билдиргендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 90 бөбөккө чакталды.

Долбоордун жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашык.

Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.

Мекеме пайдаланууга 10-июнда берилет.