Жалал-Абад шаарынындагы бала бакчага кошумча имарат салынууда

Жалал-Абад шаарынындагы бала бакчага кошумча имарат салынууда.

Мэриянын маалыматында, Достук кичи шаарчасындагы номер алтынчы

бакчанын кошумча корпусунун пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери токтоп турган.

50 орундуу имараттын курулушу быйыл аяктайт. Долбоордун жалпы сумасы

11 жарым миллион сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.