Тыныстанов көчөсүндө №193 бала бакчаны куруу иштери уланууда.
Учурда эң төмөнкү кабаттын курулушу аяктап калды, жумушчулар тосмону орнотуп жатышат.
Анда кир жуучу жай, ашкана жана техникалык бөлмө жайгашкан.
Ал эми жер үстүндөгү 2 кабатта балдар үчүн оюн жана уктоочу бөлмөлөр,
музыка жана спорт залдар пайда болот. Мектепке чейинки даярдоо
имаратынын жалпы аянты 1 миң 200 чарчы метрди түзөт. Ал 4 тайпага эсептелген.
Бакча сентябрда кичинекей Бишкетиктерди кабыл алып баштайт.
Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 35 миллион сом бөлүндү.