Россия мигранттардын мөөнөтү бүткөн патенттерин автоматтык түрдө узартат

Россия мигранттардын мөөнөтү бүткөн патенттерин автоматтык түрдө узартат.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин расмий сайтында жазылды.

Эми миграттардын 15-июнга чейин мөөнөтү бүтө турган патенттери автоматтык түрдө 93 күнгө узартылат.

Бул үчүн кошумча төлөм алынбайт. Ошондой эле патент алууга жетишпей

калган чет элдиктер бул аралыкта ансыз деле эмгектенүүгө укугу бар.