Александр Крестинин «Дордой» футболдук клубунун башкы насаатчысы кызматынан кетти. Бул тууралуу команданын расмий сайты жазды.
Бишкектик клуб машыктыруучунун иштен кетүү боюнча өтүнүчүн кабыл алган.
«Александр Крестинин «Дордойго» 2017-жылы келип, команда менен биринчи эле жылы Кыргызстандын кубогу мелдешин уткан. Анын жетекчилиги астында «Дордой» төрт жыл (2018, 2019, 2020, 2021-жылдары) удаасы менен өлкө чемпиону болгон. Эки ирет өлкө кубогунун (2017, 2018) жана эки жолу (2019, 2021) Кыргызстандын Суперкубогунун жеңүүчүсү болгон», — деп айтылат маалыматта.
Крестинин жалпы жонунан клубда башкы насаатчы катары 169 беттеш өткөргөн.
Эскерте кетсек, Александр Крестинин 2014-жылдан бери футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп келет. Ага удаа эле Бишкектин командасын машыктырган.