“Барселона” клубу Лионель Мессиге 10 жылдык келишим сунуштады. Ал эми аргентиналык форвард бул сунушка оптимисттик көз карашта экени маалым. Бирок расмий жооп бериле элек.
Эске салсак, Мессинин “Барселона” менен келишими 1 айдан кийин, 30-июнда аяктайт.
33 жаштагы аргентиналык футболчу өзүнүн карьерасынын бардыгын каталониялык клубда өткөрдү. “Барселона” менен Месси төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.