Камактагы айыл чарба министринин орун басары иштен бошотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Илич Марсбек уулун айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотту. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Марсбек уулу менен айыл чарба министринин мурдагы орун басары Амангелди Исаевди өткөн аптада камаган.

 

Анда айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо материалдык пайда алуу максатында өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алып жасалма тоскоолдуктарды жараткан кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталганы кабарланган.

 

Расмий маалыматта «тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга министрдин орун басарларынын тиешеси бар экендиги белгилүү болду, алар УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди» деп жазылган.

УКМК туруктуу коррупциялык схеманы түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш уланып жатканын билдирген.

Кыргызстан ЕАЭБге жаңы мүчө болуп кирген жылы бийлик «өлкө өз товарларын 200 млн. керектөөчүсү бар базарга сата алат» деп ишендирүүгө аракеттенген жайы бар. Бирок андан бери беш жыл өтсө дагы дыйкандар анын жемишин көрө элек экенин айтып келүүдө.

Орусияга товар ташыган ишкерлер чек араларда фитосанитардык текшерүүлөрдө улам жаңы эреже киргизилип, кошумча кагаздар талап кылынып, айрым учурда ачык эле паракорлук менен коштолорун белгилеп келишкен.