Бишкектин коомдук транспортунда жол кире акысы кечкисин көтөрүлбөйт

Бишкектин коомдук транспортунда жол кире акысы кечкисин көтөрүлбөйт.

 

Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, кечки саат 9дан кийин дагы автобус, троллейбустарда жүрүү 11 сомду түзсө, маршруттук таксилерде 15 сом болот.

 

Ал эми буга чейин кечки саат 9дан кийин жол кире 2 сомго кымбат болчу. Эске салсак, Бишкектин коомдук транспортунда бүгүн жаңы тарифтер күчүнө кирди.