UEFA «Реал», «Барселона» жана «Ювентус» клубдарына каршы иш козгоду

UEFA «Реал», «Барселона» жана «Ювентус» клубдарына каршы иш козгоду.

Клубдарга көрүлгөн мындай чара Суперлигадан чыгуудан баш тарткандыгы үчүн.

Алар УЕФАнын нормативдик-укуктук базасын бузууга шектелүүдө. Бирок аталган клубдар

UEFA тараптан кысымга карабай заманбап футболдо реформа кылуу керек экенин билдиришти.

Эске салсак, европалык Суперлига континенттеги 20 мыкты клубду бир лигага чогулткан

долбоор болгон. Анда бир катар клубдар жаңы Суперлига уюштурула турганын жар салышкан.