Алматы – Чолпон-Ата альтернативдүү жолу акылуу болот.
Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжар Болотов билдирди.
Ал белгилегендей, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып жаткандыктан, инвестор каражатын актап алышы керек.
Болотов ошондой эле учурда казак тарап эки өлкөнүн мыйзамдарынын сакталышын текшерип жатканын кошумчалады.
Жакында долбоордун техникалык даярдыгы башталат.