Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 29 миллиард сом коротот

Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 29 миллиард сом коротот.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей,

жалпы сумманын 16 миллиард сомдон көбүрөөгү тышкы карызга жумшалат.

Ал эми ички карызды төлөөгө 12,5 миллиард каралууда. Эске салсак,

ушул жылдын январь, февраль айларында мамлекеттик бересеге

5,5 миллиард сом сарпталган.