Улуттук банк эң ири интервенция жүргүздү

Улуттук банк тескери интервенция менен кайрадан валюта рыногуна чыкты.

“Акчабар” каржы порталынын маалыматына ылайык, бул жолу банк дээрлик 34 миллион доллар сатып алды.

Кошумчаласак, бул бешинчи тескери интервенция.

Жыл башынан бери Улуттук банк 80 миллион 150 миң доллар сатып алды.

Мындан тышкары, мекеме 284 миллион доллардан ашык сатты.