“Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо борборуна 200 бала эс алууга жөнөтүлдү

Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборуна 200 бала эс алууга жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аталган ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборуна ден соолугунда көйгөйү бар балдар дарыгердин жолдомосу аркылуу, ал эми ден соолукту чыңдоо лагерине калктын аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу тизмеге киргизилет.