Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди

Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Аталган багыт боюнча каттамдар жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.

 

«Манас» эл аралык аба майданынан белгилешкендей, буга чейин аталган чартердик каттамды ачуу боюнча жүргүнчүлөрдөн көп сунуштар келип түшкөн.