Кызамык жаш балдар арасында күч алууда

Кызамык жаш балдар арасында күч алууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ооруга чалдыккандардын көбү мектеп окуучулары жана бала бакчага барган наристелер.

 

Жыл башынан бери 3 миңден ашык учур катталса, анын басымдуусун 4 жашка чейикни балдар түзөт. Эң көп ооругандар Бишкекке туура келет. Министрликтен белгилешкендей – кызамык жана кызылча коркунучтуу жана жугуштуу дарт. Анын жайылышын өз учурунда эмделүү гана токтото алат.