Бишкектин 7 конушунда көчмө клиникалар иштеп жатат. Мэриядан билдиришкендей, алар пандемияга байланыштуу, шаардагы бардык алдын алуу иш-чаралары, анын ичинде эмдөө токтотулганына байланыштуу уюштурулду.
Бейтаптарды педиатр, терапевт, гинеколог жана медайымдар кабыл алат. Көчмө клиникалар 27-февралга чейин иштейт.